Мамлекеттик мекемелерге мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу чараларын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын бүгүн, 24-апрелде өткөн жыйынында Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын ишке ашырылышы жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, Улуттук илимдер академиясынын жетекчилери, улуттук программанын жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков тилди өнүктүрүү үчүн кайсы мекемеге канча каражат бөлүү маселеси такталбай жатканын айтты. "Өлкө тарыхында биринчи жолу мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында бюджеттен 243 миллион сом каражат бөлүндү. Эми ошол каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу милдети турат. Тилекке каршы, кайсы мекемеге канча каражат бөлүнөрү ушул кезге чейин тактала элек. Мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара алака жокко эсе. Мисалы, былтыр Билим берүү жана илим министрлигине 20 миллион сом бөлүнсө, аны өздөрү да билбей калышыптыр. Ушул кантип болсун? Минтип отурсак, иш жылбайт",- деди Турсунбеков. 

Жыйынтыгында фракция тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге бир айлык мөөнөттө улуттук программаны ишке ашыруу чараларын, ички ченемдик актыларды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Улуттук программаны ишке ашыруу жүрүмү фракциянын көзөмөлүндө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан