Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кызматтан бошотту. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 24-апрелде кол коюлганы маалымдалды. Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет. Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү, административдик ведомстволорду жетектегендер өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин аталган кызматтардын милдетин аткаруучу иретинде ишин улантышат.
Буйрук кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирет.