Өкмөт башчылык кызматка Темир Сариев жана Иса Өмүркуловдун талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өкмөт башчылык кызматка экономика министри Темир Сариев жана Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлигин сунуштоодо. Бул тууралуу 24-апрелде SUPER.KG порталына депутат Абдыманап Кутушев билдирди. Анын айтымында, алардын талапкерлигин эми парламенттеги коалициялык көпчүлүк карап, бир чечимге келет. 
Айта кетсек, 23-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрликтен кетерин парламентте жарыялады. Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев анын отставкасын кабыл алды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан