Адилет Бекбоев билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр (учурда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу) Жоомарт Оторбаев тарабынан кол коюлуп, жаңы кызматкер жамаатка тааныштырылганын бүгүн, 24-апрелде министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
А.Бекбоев юридика илимдеринин кандидаты, мурда Юстиция министрлигинде иштеген.