Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы конуштарда тургундар талапка жооп бербеген, сапатсыз зым карагайларды өз алдынча орнотуп алышып, түрдүү зымдар менен электр энергиясын пайдаланып келишет. Мындай жагдай ашыкча техникалык жана коммерциалык жоготууларга алып келип жатат.
“Жалал-Абад электр” ишканасынан SUPER.KG порталына кабарлашкандай, бүгүнкү күндө облус боюнча 211 жаңы конушта 25 139 түтүнгө талапка жооп бере турган аба электр чубалгыларын тартуу үчүн 465 даана көмөк чордон, 1000ден ашык чакырым аба электр чубалгысын куруу зарыл.