Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев баштаган спорт ишмерлери согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар ардагерлер Владимир Баев менен Пётр Чесноковдун үйлөрүндө болушту.