Президент Алмазбек Атамбаев 23-апрелде кол койгон жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 17, 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүдөй токтом кылынат:
Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулсун:
- 2015-жылдын 23-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Максуда Оморованын;
- 2015-жылдын 26-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Шаршенбек Астаркуловдун.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.