"Жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши макулдук бергендигине байланыштуу Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Сапаралиев Акмат Ниезмаматович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин" деп айтылат жарлыкта.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.