Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун жаңы өлчөмүн белгилөө сунушталууда

24-апрелде Бишкекте "КРдагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана министрликтердин өкүлдөрү катышты.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын маалыматына ылайык, сунушталган мыйзам долбоору республика аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик жөлөк пулдарды берүүдө коррупциялык факторлорду төмөндөтүү максатында иштелип чыккан. Аракеттеги мыйзамдарга ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмү кепилденген минималдуу киреше менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо кирешесинин айырмасы катары аныкталат. "Тилекке каршы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо кирешеси шарттуу гана аныкталып, такталган эмес. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо кирешесин аныктоо үчүн формалдуу да, формалдуу эмес дагы кирешелерди эске алуу зарыл. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо кирешесин эсептөөнү көзөмөлдөө мүмкүн эместиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдарды дайындоодо чечүүчү коррупциялык фактор болуп саналат.

Ошентип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо кирешесин ачыктоодон баш тартуу жана такталган өлчөмдөрүн белгилөө аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмүн аныктоо жол-жоболорун олуттуу жөнөкөйлөтүүгө алып келет жана социалдык коргоо системиндеги коррупциянын негизги факторлорунун бирин четтетүүгө өбөлгө түзөт. Бул багытта мыйзам долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөр сунушталган. Алардын бири - аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун жаңы өлчөмүн белгилөө",- деди Алтыбаева.

Тегерек столдун жүрүшүндө социалдык-экономикалык эсеп-саноолорду жүргүзгөн эксперт Мурат Шайымкулов кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүн эсептөө үчүн жүргүзүлүп жаткан азыркы формуланын туура эместигин бир катар жүйөлөр менен түшүндүрүп, илимий негизде жүргүзүлгөн презентацияны сунуштады. М.Шайымкулов мындай кырдаалдан чыгууда жана кетирилген кемчиликтерди четтетүүдө депутат Айнуру Алтыбаева тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору өбөлгө боло тургандыгын баса белгиледи.

Ал эми социалдык коргоо жаатындагы эксперт Назгүл Ташбаева статистикалык маалыматтарга таянып балдардын жакырчылык деңгээли жогорку чекке чыгып баратканына коңгуроо какты. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул берүүдө 2014-жылы 2 миллиард 47 миллион сом каралган болсо, жыл жыйынтыгы менен 781 миллион сом үнөмдөлгөнүн, 2015-жылга 2 миллиард 622 миллион сом белгиленип жатканын айтып, депутат А.Алтыбаева тарабынан демилгеленген мыйзам долбооруна эч кандай кошумча каражат керектелбейт деген пикирин ортого салды. Буга Каржы министрлигинин өкүлү макул эмес. Алардын эсептөөлөрү боюнча, сунушталган мыйзам долбоорун ишке ашырууга 1 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынат.

Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 1-апрелинен тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн 650 сомго чейин жана кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүн 815 сомго чейин жогорулатуу боюнча кабыл алган чечимин колдоо менен өлкөдө балдар жакырчылык менен чоңоюп жаткандыгынын себептери тизмектелип, балдардын укуктарын коргоо боюнча бир катар мамлекеттик органдарга тапшырмалар белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан