27-апрелде балдарга карата зомбулуктун күчөп кетишин жана балдарды зордуктагандарга карата сот адилеттигин камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Кылмыш-жазык кодекстерине түзөтүүлөрдү киргизүүнү талкууга алган тегерек стол өтөт.
Бул иш-чара Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесинин алкагында, "Балдарга каршы зомбулукту токтот!" аттуу долбоордун өнөктөштөрүнүн колдоосу менен өтмөкчү.
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин, Бишкектеги № 3-балдар ооруканасынын, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы делегациясынын, Даниядагы эл аралык уюмунун жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Айта кетсек, 2015-жылдын январь айында Бишкектеги № 3-балдар ооруканасына сексуалдык зомбулуктан жабыркаган 2 жаштан 8 жашка чейинки 5 бала келип түшкөн. 2014-жылы жашы жете элек жеткинчектерге карата сексуалдык мүнөздөгү 140 кылмыш катталган.