Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү мөөнөтү жылышы мүмкүн

Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү мөөнөтү жылышы мүмкүн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматынан 25-апрелде билдиришти. Маалым болгондой, дагы эки келишим боюнча биримдикке мүчө мамлекеттер менен бир пикир табыла элек. "Биринчиси - эл аралык келишимдер күчүнө киргенден кийин кыргыз мамлекети алчу жеңилдиктер. Кыргыз-кытай техникалык экономикалык келишими боюнча, кыргыз тараптын Кытайдан каражат алып, ГЭСтерди салуусу. Экинчиси - фитосанитардык эквиваленттик систем боюнча. Ушул эки протоколго кол коюу кечигип жаткандыктан, биримдикке мүчө мамлекеттер белгиленген убакытта келишимди ратификациялоого жетишпей калышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта. 
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 9-майында биримдикке мүчө мамлекеттер келишимди ратификациялашмак. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан