Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрү белгиленмекчи

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 27-апрелдеги жыйынында жерди пайдалануучулардын жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөөгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Демилгечи депутат Мамытбай Салымбековдун айтымында, долбоордо үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларын, илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн 20 жылга чейинки мөөнөттө пайдаланууга берилген жер тилкелерин 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берүү сунушталууда. "Өкмөттүн тиешелүү токтомунда өлкө ичинде 107 үрөнчүлүк чарба, анын ичинен 48 жеке дыйкан чарбасы, 44 айыл чарба кооперативи, 5 акционердик коом жана 10 мамлекеттик чарба такталган. Пайдаланууга берилбеген, кунарсыздыкка тушуккан же кунары качкан жер тилкелеринин саны жылдан-жылга көбөйүүдө",- деди Салымбеков.
Талкуунун жыйынтыгында аталган комитет мыйзам долбоорун жактырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан