Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 27-апрелдеги жыйынында жерлерди бир категориядан башка категорияга трансформациялоо боюнча карама-каршылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда карап, жактырды.
Талкууда демилгечи депутат Дастан Бекешев жерди натыйжалуу пайдалануунун механизмдерин түзүү зарыл экенин айтты. "Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында мындай механизмдерди бир мааниде жана так колдонууга мүмкүндүк бере турган нормалар жок. Ошондуктан өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлерди башка түрлөргө которуунун мүмкүндүгүн кароону зарыл деп эсептейбиз. Бул болсо мындай маселени ар түрдүү мааниде жана туура эмес чечмелөөдөн качууга мүмкүндүк берет",- деди Бекешев.