Ысык-Көлгө 2015-жылдын башынан бери форелдин 3 миллион 620 миң даана чабагы коё берилди. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, Балык чарба департаменти Ысык-Көл форелинин уруктандырылган икраларын инкубациялык цехтерде өстүрүп жатат.
"Учурда Тоң балык өстүрүүчү заводунда 300 миң даана Ысык-Көл форелинин майда чабагы, Сөң-Көл көлүнө коё бериле турган 3 миллиондой Соң-Көл сиг-лудога балыгынын чабактары даярдалууда. Департаменттин балык корлорун коргоо, кайра өндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү актылар түзүлүп, жаратылышка келтирилген зыяндарды өндүрүү үчүн жергиликтүү сотторго доо арыздар жөнөтүлүп жатат",- деп билдирет министрлик.