Өкмөт башчылык кызматка талапкер Темир Сариев "2005-жылы бийликке каршы чыкканымда мени трайбалист деп жаманатты кылышкан" деди Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында.
"Мен таза, ак ишкер болгом. Коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин. Ошол кездеги бийлик жөн эле саясатташтырып жүрдү. Президенттик шайлоого катышканымда Баткен облусунун Кулунду айылынын эли менен жолугушууга бардым эле. Ал жерде атайын даярдалган адамдар "Сариев, эми шайлоо астында керек болуп калдыкпы?" деп сурашкан. Мен алардан ушундай суроо берилерин күткөн болчумун. Бирок мен саясатта жүрүп эч кимди бөлгөн эмесмин",- деп айтты Сариев.
Мындан тышкары ал интернатта тарбияланганын баса белгиледи. "Мен көп балалуу үй-бүлөдө өсүп, интернаттан тарбия алгам. Бул окуу жайда өлкөнүн ар жеринен келген балдар бар болчу. Окуу аяктаганда бүтүрүүчүлөрдүн президенти да болуп жүрдүм",- деп эстеди премьер-министрликке талапкер.
"2010-жылы Ош окуясынан улам үйсүз калган адамдарга Ош жана Жалал-Абад шаарларында үйлөрдү куруу боюнча программасы каржыланганда, мен каржы министри болуп, бардык жеңилдиктерди бергенбиз. Бир канча убакыт өткөндөн кийин өзүңүздөр баа бересиздер. Эгер премьер-министр болуп дайындалсам, мен трайбалист эмес экенимди далилдеп берем",- деди Сариев.