Ош мэри айдоочулар менен жолугуп, жол тыгындарын жана башка көйгөйлөрдү талкуулады

Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарында мэр Айтмамат Кадырбаев райондор жана шаарлар аралык маршруттук каттамдарда иштегендер менен жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашты.  

Мэриядан кабарлашкандай, жолугушуу автобекетте өтүп, мэр алгач маалымат берди. “Райондор жана шаарлар аралык маршруттук 44 каттам болсо, жалпысынан 314төн ашуун кичи автобус каттайт. Алардын жаңы автобекетке келүү линиялары такталууда. Азыркы учурда №2-жаңы автобекет аркылуу 7 маршруттук каттам өтөт. Жаңы автобекетке жетпей, ХБКда 7 маршруттук линиядагы кичи автобустар токтойт. Аларды да жаңы бекетке жылдыруу менен кошумча дагы маршруттук линиялары түзүлүп, 17 маршруттук каттам болот”,- деди мэр.

Ошондой эле шаар ичинде пайда болуп жаткан жол тыгындарын жөнгө салуу жана жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөө максатында жасалып жаткан бул иштерге өзгөчө маани берүү керектиги айтылды. Мэрдин автобекеттин администрациясы жана айдоочулар менен болгон жолугушуусунун негизги максаты - жергиликтүү бийлик тарабынан айдоочуларга да, жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарт түзүп берүү болуп саналат. Ага улай айдоочулар  өздөрү кызыккан суроолоруна жеринде жетекчилик тарабынан так жоопторду алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bars06
2015-04-30 18:02:54
Сатып болгонбуз баштаале деп айтпайбы туурасын.
Байкуш Мэр корунчу эмес эле такыр...
-1
aitmat
2015-04-30 18:28:39
баарын кылсанызда баарын кыйратсанызда Мырзакматовдой боло албайсыз бул ачуу чындык
+4
aitmat
2015-04-30 18:31:38
Мырзакматовдун аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат! андай болгону тоскоол болушсада кийинки муундарга Мырзакматов ким болгон экенин жеткире турган эл бар!
+4
paula.90
2015-04-30 18:47:34
Бул автобекет каерде жаны курулдубу?
0
asiankg
2015-04-30 21:36:45
гор гаи жакта мурдакы эски авто бекет
0
uran001
2015-04-30 23:43:10
asiankg, жаны автобекет
0
Qnet
2015-05-01 03:54:36
Мырзакматовдун тырмагына да жетпейсенир баарынар!"Галдирбайлар" дегенинде эле иш бар да Мелис акабыздын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан