Жогорку Кеңеш Темир Сариевдин премьер-министрликке талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды. Добуш берүүгө катышкан бардык 101 депутат бул чечимге макул болду. Мындан тышкары парламент өкмөттүн Т.Сариев сунуштаган курамын бир добуштан жактырды.
Айта кетсек, өкмөттүн курамы төмөнкүдөй сунушталды:
Биринчи вице-премьер-министр - Тайырбек Сарпашев
Күч блогу боюнча вице-премьер-министр - Абдырахман Маматалиев;
Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Валерий Диль
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Дамира Ниязалиева;
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - Нурханбек Момуналиев;
Тышкы иштер министри - Эрлан Адбылдаев;
Коргоо министри - Абибилла Кудайбердиев;
Ички иштер министри - Мелис Турганбаев;
Юстиция министри - Жылдыз Мамбеталиева;
Каржы министри - Адылбек Касымалиев
Экономика министри - Олег Панкратов;
Айыл чарба жана мелиорация министри - Таалайбек Айдаралиев;
Транспорт жана коммуникациялар министри - Аргынбек Малабаев;
Өзгөчө кырдаалдар министри - Кубатбек Боронов;
Энергетика жана өнөр жай министри - Кубанычбек Турдубаев;
Билим берүү жана илим министри - Эльвира Сариева;
Саламаттык сактоо министри - Талантбек Батыралиев;
Маданият, маалымат жана туризм министри - Алтынбек Максүтов;
Социалдык өнүгүү министри - Кудайберген Базарбаев;
Эмгек, миграция жана жаштар министри - Айбек Азыранкулов;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы - Бусурманкул Табалдиев.
Эми тиешелүү токтом президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан