Мурдагы каржы министри
Ольга Лаврова "Газпром Кыргызстандын" жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарууда. Бул тууралуу 30-апрелде
SUPER.KG порталына аталган ишканадан тастыкташты. Маалыматка таянсак, аны бул кызматка дайындоо тууралуу макулдашуу документи "Газпром" акционердик коомунда.
Айта кетсек, Лаврова өлкөнүн каржы министри кызматынан 11-апрелинде кеткен болчу. Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеш анын ордуна көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин колдоду.