Икрамжан Илмиянов: "Саясатчылар ажонун ишенимине кирген адамды алсыз кылганга катуу аракет кылышат экен"

Учурда кыргызстандыктар эң көп сөз кылган КРнын Президентинин аппарат жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов "Супер-Инфого" кеңири маек куруп берди. 

Президенттик аппараттын биринчи орун басарлык кызматынан кетүү боюнча ажого арыз жазуусуна эмне себеп болгонун мындайча түшүндүрөт: “Эң эле акылга сыйбасы чет жердик маалымат булактарына «Борбордук Азиядагы «серый кардиналдардын» бири» деп жазылып чыкканы болду. Ойлонуп калдым. Таң калдым. Жергиликтүү басылмалар «Мамлекетти президент эмес, айдоочу башкарып жатат. Мындай мамлекеттин келечеги барбы?» деп чыгышты. Көп кишилер айтып жаткандан кийин өзүңдө да суроо жаралат экен, «Туура иштеп жатамбы? Президенттин мага артылган чексиз ишенимин актап жатамбы? Балким, мага ишеним артканы үчүн «кызматтан кет» деп айта албай жаткандыр...» деген. Саясатчылар ажонун ишенимине кирген адамды алсыз кылганга катуу аракет кылышат экен. «Алмашкыс, териси калың...». Коомчулукта ушундай ат калбаш керек. Отставканы суранып дагы кайрылганым ушундай жеке жыйынтыгыма байланыштуу”.

Ажону жандаган бул сырдуу адам менен кеңири маекти "Супер-Инфо" гезитинин 1-майда чыккан №652-санынан окуңуздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан