Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кыргыз мамлекетине казакстандык ардагерлер келишти. Бул тууралуу 1-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 12 кишиден турган делегация кыргыз жергесинде 3 күн болушат. Аларды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, вице-мэр Замирбек Малабеков жана шаардык кеңештин депутаттары тосуп алышты. Жолугушууда казак генералы Сеиткасым Абдрахманов кыргыз-казак элинин боордош экенин айтып, “жаңы муун Ата Мекен баарыбыз үчүн бир экенин билип жүрүүсү зарыл” деди.
Конокторду Бишкек мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен кабыл алууда. Жашы бир топко келип калган ардагерлердин ден соолугуна кам көрүү иретинде конокторду "Тез жардам" унаасы коштоп жүрөт.