Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 30-апрелде өкмөт мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери жана мекеме башчылары менен жолугушуп, бирге иштешкени үчүн ыраазычылык айтты. Жогорку Кеңеш өкмөт башчылык кызматка талапкерлигин бекитиши менен Темир Сариевди куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Сариев бирге иштешкени үчүн Оторбаевге ыраазычылык билдирип: "Сиз жогорку интеллектке жана кесипкөйлүккө ээсиз. Премьер-министр болуп турганда өзүңүздү принципиалдуу жетекчи катары көрсөтө алдыңыз",- деди.