Малайзияда баалардын кымбатташына байланыштуу каршылык акциясы жүрүүдө
Малайзияда баалардын кымбатташына байланыштуу нааразычылык акциясы жүрүүдө. Куала-Лумпурдагы массалык жүрүшкө кызыл-кара кийинген миңдеген адамдар катышууда. Маалыматтарга таянсак, көптөгөн дүкөндөр жабылды. Полиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп турушат. Жүрүшкө чыккандардын айрымдары "Биз Малайзиянын мыкты болушу үчүн күрөшүп жатабыз" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп жүрүшөт.