Непалда жүргөн кыргыз жараны бүгүн кыргыз жерине алынып келет

Непалда жүргөн кыргыз жараны бүгүн, 2-майда кыргыз жерине алынып келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү билдирди. 
Маалым болгондой, орто жаштагы аял 3 жашар уулу менен акыркы убактарда АКШнын Непалдагы элчилиги уюштурган лагерде болгон. Ал 29-апрелде ал кыргыз мамлекетинин Индиядагы элчилиги аркылуу Непалдан Индияга алынып келинген. Ал эми Непалда кыргыз мамлекетинин дагы башка жарандарынын бар-жогун аныктоо улантылууда. 
Айта кетсек, 25-апрелде Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 6 миңден ашты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан