Транспорт жана коммуникация министрлигинин жамаатына министрликтин жаңы жетекчиси Аргынбек Малабаев тааныштырылды. Бул тууралуу 2-майда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аны эмгек жамаат менен биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тааныштырды.
Аргынбек Малабаевди аталган кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.
Айта кетсек, 21-апрелде мекеменин мурдагы жетекчиси Калыкбек Султанов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, ошол эле күнү мамлекет башчы анын арызын кабыл алып, кызматтан бошоткон.