Премьер-министр Темир Сариев өкмөт мүчөлөрүнүн жана өкмөттүк аппараттын бөлүм башчыларынын катышуусунда 2-майда кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Премьер-министр өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун күчтөндүрүү зарыл экенин айтты. "Өкмөттүн ар бир мүчөсү үчүн талап катуу болот. Биз ыкчам жана мобилдүү өкмөт болуубуз керек жана өкмөт алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүндүгү бар экендигин далилдөөбүз керек”,- деди Сариев.
Ал белгилегендей, өкмөт кеңешмеси айына 2 ирет өткөрүлүп турат, анын бири кеңейтилген форматта болот. "Ар-бир жыйында министрлер жана ведомство жетекчилери аткарылган иштер жөнүндө, пландардын жана алдыга коюлган милдеттердин ишке ашырылышы тууралуу маалымат берип турат. Вице-премьер-министрлер өз кезегинде алардын ишинин жыйынтыгы боюнча баасын беришет",- деп билдирди өкмөт башчы.
Темир Сариевдин айтымында, мындан ары айына 2 ирет премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн аймактарга карата сапарлары уюштурулуп турат.
Мындан тышкары премьер-министр Экономика министрлигине ыкчам тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну, ошондой эле өкмөттүн ата мекендик ишкердикти маалыматтык жана уюштуруучулук жактан колдоо жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуу алкагында келип чыккан чакырыктарга өз мезгилинде жооп кайтаруу максатында оперативдик штабды түзүү тууралуу өкмөт токтомунун долбоорун киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Оперативдик штабды премьер-министр жетектемекчи.
Энергетика жана өнөр жай министрлигине кыска мөөнөттүн ичинде Коргоо кеңешинин энергетикалык тармакты башкаруу тутумундагы сунуштарын ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизүү тапшырылды.
Бардык мамлекеттик органдарга өлкө жарандарынын кайрылуулары жана арыздары боюнча ишти сапаттык жактан өзгөртүү тапшырмасы берилди. "Жарандар тараптан мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун бир гана ыкмасы бар, ал кайрылуулар жана арыздар менен иш алып баруунун сапаттуулугу болуп саналат. Биз канчалык жакшы иш алып барсак, кайрылуулардын саны ошончолук аз болот",- деди Темир Сариев.
Өкмөт аппаратына Кыргыз Республикасынын жарандарынын бузулган укук жана эркиндиктерин калыбына келтирүү үчүн ыкчам чаралардын кабыл алынышына багытталган премьер-министрдин мобилдик кабылдамасын уюштуруу боюнча чечим долбоорун киргизүүнү тапшырды.