Жеңиш эстафетасына тиешелүү салтанаттуу иш-чаралар Караколдо өтүп, эми Нарын шаарында болот

Жеңиш эстафетасынын символу кыргыз жергесине келди. Жеңиш эстафетасына тиешелүү салтанаттуу иш-чаралар Караколдо өтүп, ал эми бүгүн, 4-майда Нарын шаарында болот. Бул тууралуу бүгүн КРнын Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2-майда Жеңиш эстафетасынын символун кыргыз чек арачылары казак чек арачыларынан “Ак-Тилек-автоунаа” көзөмөл-өткөрүү жайында салтанаттуу түрдө кабыл алган. Эстафета Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы чек аралары аркылуу өтөт жана анын жүрүшү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган. Анын негизги максаты – СССР элдеринин Жеңишинин улуулугун даңазалоо, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы чек арачылардын баатырдык эрдиктерин түбөлүккө калтыруу.

Кыргыз жергесинин аймагында Жеңиш эстафетасы 2-7-май аралыгында Каракол, Нарын, Балыкчы, Бишкек, Ош жана Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында өтөт. Бул шаарларда Жеңиш эстафетасын тосууга арналган митингдер, салтанаттуу иш-чаралар, ардагерлер менен жолугушуулар, Ачык эшиктер күнү, эрдик сабактары, тегерек столдор, тематикалык кечелер, көргөзмөлөр өтүп, артисттер жана өздүк чыгармачыл жамааттары сахнада өнөрлөрүн тартуулашат. 

Ал эми 7-майда Кыргыз Республикасынын чек арачылары Жеңиш эстафетасынын символун “Бор-Дөбө-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында Тажикстан Республикасынын чек арачыларына өткөрүп беришет.

“Жеңиш эстафетасы” масштабдуу аскердик-мекенчилдик акциясы 2015-жылдын 28-майында Москва шаарындагы Поклонная гора жеринде соңуна чыгат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан