"Жер-Үй" кени боюнча өткөн сынакта орусиялык "Восток-геолдобыча" компаниясы жеңип чыкты

Орусиялык "Восток-геолдобыча" компаниясы "Жер-Үй" кенин иштетүү укугу боюнча өткөн сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Мындай чечим бүгүн, 4-майда сынактык комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Аталган компания 405 упай, "Кыргыз алтын" ишканасы 305 упай алды. Кенди иштетүү лицензиясы үчүн "Кыргыз алтын" 111 миллион доллар, "Восток-геолдобыча" 100 миллион долларлык сумманы сунуштаган. 
"Кыргыз алтын" компаниясы "Жер-Үй" кени боюнча сынактык комиссияны сотко берери айтылды. Улуттук компания сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрүнүн чечимине макул эмес. 
Эскерте кетсек, "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча 2-сынак 2015-жылдын 17-февралында жарыяланган жана кенди иштетүү укугунун баштапкы баасы 100 миллион доллар деп бекитилген. Биринчи сынак 2013-жылдын 5-апрелинде жарыяланып, бир гана компаниядан арыз түшкөндүктөн, сынак өткөн жок деп эсептелген. Анда кенди иштетүү укугунун баштапкы баасы 300 миллион доллар болчу. Бул сумма көптүк кыларын белгилеген өкмөт аны 100 миллион долларга түшүрүү чечимине келген.   
Сынактын алгачкы турунда 3 компания катышып, 2-турга аталган 2 компания чыккан эле. 
Маалыматка таянсак, аталган кенде алтындын 90 тоннадай кору бар. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан