Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 4-майдагы жыйынында кыргыз мамлекети менен Беларустун өкмөттөр аралык жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо боюнча макулдашуусу каралды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлүнүн айтымында, макулдашуу эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык, аскердик жана илимий боюнча жашыруун маалыматтарды алмашууну камсыздайт. Ал эми келишим боюнча Беларусь тарап менен макулдашылганын кошумчалады.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү макулдашуу мыйзам долбоорун жактырып, парламенттин кароосуна жиберди.