Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйынында куткаруу кызматтарынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда карады.
Документ кыйроодон куткаруу кызматтарынын, кыйроодон куткаруу түзүмдөрүнүн иштөөсүн камсыздоо жана түзүү жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу, алардын милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо максатында иштелип чыккан. "Бул мыйзам долбоору кыйроодон куткаруу кызматтарынын ишин мындан ары дагы жакшыртууга багытталат. Куткаруучулардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле кыйроодон куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышкан куткаруучуларга жана жарандарга социалдык кепилдиктер каралган",- деп билдиришти демилгечилер.
Талкуунун жыйынтыгында долбоор 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.