Жалал-Абад. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата иш-чарада 100 жаштагы оорук ардагери балдар бакчасында болду

Жалал-Абад шаарындагы №31-балдар бакчасында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата салтанат өткөрүлдү. Ага Тайгараев аймактык башкармалыгында жашаган 100 жаштагы ооруктун ардагери Санталат Маматова да катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, анда балдар бакчаларынын тарбиялануучулары жана тарбиячылары концерттик программа тартуулашты. Кылым жашаган энеге бүгүнкү салтанатта аймактык башкармалык 6 миң сом акча, балдар бакчасынын жамааты, ата-энелер өздөрүнүн белектерин тапшырышты. 

Санталат Маматова 1941-жылдан баштап 1945-жылга чейин Көк-Арт өрөөнүндө эмгектенген.   Тайгараев аймактык башкармалыгында учурда оорукта эмгектенгендерден бир гана ушул Санталат эне калды.  

Анын 2 уулу, 3 кызы, 51 небереси, 100гө жакын чөбөрөсү, 30 кыбырасы бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан