Президент Москвадагы Жеңиш парадына катышууга бараткан 13 ардагерге мааракелик медаль тапшырды

Бүгүн, 6-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиянын Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтчү Жеңиш парадына катышууга бараткан 13 ардагерди кабыл алып, мааракелик медалдарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 
Жолугушууда президент ардагерлерди Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктап, бул майрам кыргыз жери үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле ардагерлердин согуштагы эрдиктери эч качан унутулбай турганын кошумчалады. 
Мааракелик медаль тагынгандар: Мухтар Нургазиев, Сатымкул Садыков, Тенти Тамашаев, Асек Усубалиев, Садила Сейдакматов, Анатай Кутманбетов, Алексей Варавин, Садыбакас Ералиев, Мама Бакиров, Топонбай Чотбаев, Шаабай Шатманов, Арзыкул Мамарасулов жана Курманбек Акунов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан