Ош мэри республикалык билим олимпиадасында ийгиликке жетишкен окуучулар менен жолукту

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 15-майда республикалык билим олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар, аларды жетектеген мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда мэр олимпиадада терең билимдүүлүгүн тастыктап, байгелүү орунга ээ болгон окуучуларга баалуу белектерди, мугалимдерге жана ата-энелерге ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Кошумчалай кетсек, республикалык олимпиада 27-28-март күндөрү Бишкекте өтүп, ага Ош шаарынан барган окуучулардын ичинен 13 катышуучу байгелүү орунга ээ болгон. Жалпы командалык жыйынтык менен Ош шаарынын окуучулары республика боюнча 2-орунду багындырышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jarkyn_jakta_jasha
2015-05-15 22:43:34
Куттуктаймын!!! Турк лицейдин окуучулары го копчулугу . Лицейди жоюш керек деп коюшат . Алар Кыргызстандын Келечеги!!!
+3
nurzat8787
2015-05-16 02:51:55
Узун юупка кийиген кыздар турк лицейдин окуучулары окшойт ыймандуу жуздору !!четегиге соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан