Самаковдун тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына топтолушту

Депутат Карганбек Самаковдун тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына топтолушту. Алар депутатка колдоо көрсөтүү иретинде чогулушканын билдиришти. Самаков бүгүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. 
Депутат Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталууда.
Эскерте кетсек, жер тилкелерине байланыштуу Карганбек Самаковдун мыйзамсыз иштерди кылганын айтышып, буга чейин Чүйдүн айрым тургундары бир нече жолу митингге чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан