Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Талас обулсунда 1, Ош шаарында 2 өрт болгон.
Талас облусунун Манас районунда Форт Транзит үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.