Чүй облусунда мал уурдоого шектелген эки бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган Доктурбек уулу Нурсейит жана 1996-жылы туулган Рустам Урманбетов облус аймагындагы бир катар мал уурдоо фактылары боюнча шектелүүдө. Жогорудагы адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылышса болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.