Баткенде таксисттин унаасына жашынып, чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды

Баткендеги “Кызыл-Бел” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда таксисттин унаасына жашынып, чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды. Аны өлкө аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны да колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-майда таксист паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен тажик жаранын унаанын арткы отургучуна жаткызып, үстүн одеяло менен жаап, чек ара тозотунан өтүүгө аракет кылган. Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын ээсине Тажикстандын жараны акча каражатын сунуштап, чек ара аркылуу ушундай жол менен алып өтүүнү суранганы анык болду. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар УКМКга өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aydarken
2015-05-25 13:16:36
Кыныр иш кырк мунотто билиниптирдаа
+1
Bors
2015-05-25 14:14:09
Байкуш жашынбай эле ачык суранып отсо деле болот элего.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан