Башкы прокуратура: "Азиз Батукаев Орусияда жаза мөөнөтүн өтөгөн соң гана аны экстрадициялоого мүмкүн"

Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаев Орусияда жаза мөөнөтүн өтөгөн соң гана кыргыз тарап аны экстрадициялоону талап кыла алат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова билдирди.
Анын айтымында, Батукаевге карата козголгон кылмыш ишин учурда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатат. "Биз Орусиянын Башкы прокуратурасына Батукаевди кайтарып берүү боюнча кайрылганбыз, бирок ал Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жатканына байланыштуу экстрадициялоо мүмкүн эмес деген жооп алганбыз",- деди Усманова.
Айта кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-тергөө изоляторунан Азиз Батукаев бошотулган. Ал 16 жылга эркиндигинен ажыратылган, бирок 8 жыл өтө электе эле соттун чечими менен бошотулуп кеткен. А.Батукаев Бишкек-Грозный чартердик каттамы менен кыргыз өлкөсүнөн учуп кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан