Казакстанда КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп жатат
Бүгүн, 29-майда Казакстандын Акмоло облусунун Бурабай аймагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Отурумга Кыргыз Республикасы, Казакстан, Беларусь, Тажикстан жана Армениянын премьер-министрлери катышууда. Ошондой эле жыйында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев бар. Жыйында күн тартибине киргизилген бир катар интеграциялык өнүгүү боюнча долбоорлор талкууланат. Соңунда премьер-министрлер чечимдерге кол коюшмакчы. Андан кийин Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны улантылат. Анда Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр ортосундагы кызматташуу каралат. Ошондой эле кыргыз мамлекетинин жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси каралмакчы.