Казакстанда кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси талкууланды

Өкмөт башчы Темир Сариев 29-майда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада менен жолугушту. Жолугушуу Евразия өкмөт аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында өттү. 
Тараптар кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесин талкуулашканын өкмөттүк аппараттан билдиришти. Сариев эки тараптуу чек араларды тактоо аракеттерин токтотпой жүргүзүү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле отун-энергетика жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүү аракеттерин ортого салышты. 
Айта кетсек, учурда Казакстандын Акмоло облусунун Бурабай аймагында КМШга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны өтүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан