Бүгүн, 29-майда өкмөт башчы Темир Сариев Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. Жолугушуу Евразия өкмөт аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин Казакстанда өтүп жаткан жыйынынын алкагында өттү.
Тараптар алгач Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча жана Камбар-Ата-1 ГЭСин, ошондой эле Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулуш иши тууралуу пикир алышты. Андан кийин миграция көйгөйүнө токтолушуп, кыргыз мамлекетинин жарандарынын Орусиянын аймагына кирип-чыгуудагы кыйынчылык жаратып жаткан чектөөлөрдү алып салуу маселесине токтолушту. Сариев Медведевге кайрылып, кыргыз мамлекетин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимдерди ратификациялоону тездетүүгө чакырды. Медведев учурда келишимдерди ратификациялоо боюнча ички процедуралар жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле ратификациялык келишимдерди тез арада кароо болорун убадалады.