“2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстандын ортосундагы "Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө" келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 30-майда президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине түркмөн тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.