Милиция “Манас” аэропортуна түшкөн чет элдик саясатчыны жаңылыштык менен милиция бөлүмүнө алып барып, 30 мүнөт кармаган

Кечээ, 2-июнь күнү “Манас” аэропортуна келип түшкөн Украинанын Жогорку Радасынын депутатын жана Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилевди укук коргоо органдары 30 мүнөт кармашкан. Тактап айтканда, алгач аны издөөдө жүргөн кылмышкер деп ойлоп милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жактан кылмышкер менен саясатчынын ысымы окшош экенин баамдашып, күч органдары аны аз убакытта коё беришкен. "Бир катар маалымат булактарындагы "аны 3 саат кармашкан" деген маалымат чындыкка дал келбейт" деген билдирүү менен КРнын Ички иштер министрлиги маалымат таратты. 

Бул боюнча КРнын Тышкы иштер министрлиги мындай деп билдирет: “2-июнь күнү таңкы саат 5тер чамасында аэропортко эл аралык конференциянын катышуучулары учуп келишкен. Алардын бири Крым татарлар курултайынын делегаты Рустем Умеровдун аты-жөнү жана туулган жылы издөөдө жүргөн кылмышкердин берилмелери менен окшош болуп чыккан. Мындан улам аны жаңылышып милиция бөлүмүнө жеткиришкен. ИИМдин Издөө-иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул маселенин чоо-жайын териштирип, Умеров кээ бир ММКларда айтылгандай 3 сааттан кийин эмес, 30 мүнөттөн кийин коё берилген. Ал эми Украинанын Жогорку Радасынын депутатын эч ким кармаган эмес.

Бул окуя болгон соң милиция кызматкерлери коноктордон жана консулдуктун өкүлдөрүнөн кечирим сурашкан. Бул инцидент унутулат деп ишенебиз”.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baba.
2015-06-03 15:34:51
Ой кандай эле билбей кармайт!!!Эгер оз укугун коргосо билесинерби кандай болоорун жолдош биздин милициялар.
0
bakyt_2015
2015-06-03 16:46:33
Туура кылат билишсин кандай тартип бар мамлекетке келгенин.Чындаса бизге рада депутатынын да,татар лидеринин да бир тыйын кереги жок. Булардын ызы-чуусунан башка пайдасы да жок.Оз элин жыргатпаган бизге эмне жыргал берет дейсин. Кыргызда булунгондон булдургу алба деп койот эмеспи
0
Sayragul
2015-06-03 22:06:18
Текшерет да, туура кылган ИИМ алар эмнени коздоп келишти, бир Кудайым билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан