Жаштар Баш мыйзамды өзгөртүү эл үчүн эч кандай пайда алып келбесин айтып чыгышты

"Башкы мыйзамды өзгөртүүгө каршыбыз, анткени бул нерсе жөнөкөй эл үчүн эч кандай пайда алып келбейт". Мындай пикирин бүгүн, 3-июнда маалымат жыйын учурунда Жаштар федерациясынын мүчөсү Темирлан Бейшенбеков билдирди. Анын айтымында, күзүндө референдум өткөрүү - бул курулай акча коротуу.

"Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери Баш мыйзам 8 жолу өзгөртүлгөн. Буга корогон акчаны жана убакытты андан көрө энергетика, коррупция, чек ара, экономика, билим берүү тармактарындагы маселелерди чечүүгө жумшаса болот. Биз, жаштар, өзүбүздүн ойду жеткирели деп чыктык, анткени мындай өзгөртүүлөрдүн жөнөкөй эл үчүн эч кандай пайдасы тийбейт.

Кээ бир чиновниктер жаштарды саясатка тартышыбыз керек дешкени менен, иш жүзүндө биз аны байкаган жокпуз. Эгер биздин ой аткарылбаса, биз ар кандай митинг жана акцияларды өткөрүүгө даярбыз",- дейт Бейшенбеков.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
edu.kg.
2015-06-03 13:59:34
Эн туура! Оздоруно туура келбегенде озгортобуз деп чыга калышат чиновниктер. Жонокой жарандарга озгоруусу эч кандай пайда алып келбейт.
0
12.12.12
2015-06-03 14:31:59
Атын чыкпаса жер ортто. Силердин созунорду ким угат? ошол...
+1
beka1207
2015-06-03 17:00:24
Биздин баш мыйзамыбыз буйлаланган тоо болуп калдыго..нары жетелесен нары кетет..бери жетелесен бери кетет...ылайыгына карап озгорто берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан