Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында өткөн жылдагы 40 миңге жакын паспортту мыйзамсыз берүү маселеси боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Төрага Асылбек Жээнбеков мындай паспортторду берген чиновниктерге чара көрүү керектигин айтты. "Ким болбосун, кайсы жерде, кайсы кызматта иштебесин, жоопкерчиликке тартыш керек. Башкалар жологус болсун",- деди төрага.
Мындан тышкары ал эки мекеменин ортосунда паспорт берүү тейлөөсү боюнча күрөштү токтотууну талап кылды. "1996-жылдан бери миңдеген паспорттор мыйзамсыз сатылган. Мында кылмыш тобу иштеген. Бир топ күнөөлүүлөр кармалды. Муну аягына чейин териштирип чыгуу зарыл. Өкмөт өз ичинде да күнөөлүүлөрдү таап чыгышы керек", - деди Жээнбеков.