Турусбек Султаналиев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койгон.
Эскерте кетсек, Турусбек Султаналиев 2007-2009-жылдары Чүйдүн губернаторунун биринчи орун басары, 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими кызматында иштеген.