Алина Шаикова: "Бүгүн оң рулдуу унааларды каттоо акыркы кардарга чейин өтөт"

Бүгүн оң рулдуу унааларды каттоо акыркы кардарга чейин өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова билдирди.
Анын айтымында, айрым жарандар көптөгөн оң рулдуу унааларды сатып алып, берилген 3 айлык мөөнөттүн ичинде каттоодон өткөрүүгө жетишкен эмес. "Кээ биринде 100дөй унаа бар экен. Алардын баарын каттоого ээлеринин акча каражаттары жетпей калууда",- деди Шаикова. 
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бул маселенин үстүнөн өкмөт иштеп чыгарын баса белгиледи. "Бул оор маселе. Эгер кайрылган жарандардын саны көп болсо, тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлөт",- деп кошумчалады Маматалиев.
Айта кетсек, бүгүн, 3-июнда оң рулдуу унааларды кыргыз өлкөсүнө алып кирүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, оң рулдуу унааларды каттоодон өткөрүү жана өлкөгө алып кирүү токтотулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан