3-июнда Жогорку Кеңеште Мамлекеттик каттоо кызматынын 2014-жылы жана 2015-жылдын үч айында жарандарга паспортторду жана айдоочунун күбөлүктөрүн мыйзамсыз берген фактылары жөнүндөгү маселе каралууда. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын паспорттору коңшу мамлекеттердин жарандарына, издөөдө жүргөн жарандарга, каза болгондорго, чет өлкөлөрдөн депортацияланып келгендерге жана башка жарандарга берилип кеткенин, жасалма паспорт менен кармалгандар 500-2000 долларга паспорт алгандыгы боюнча көрсөтмө беришкени тууралуу маалыматтар айтылды. Ошону менен катар кармалган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн 100дөн ашуун документтердин жасалма мөөрлөрү алынганын кошумчалашты.
Депутат Таалайбек Ибраев жаңы айдоочулук күбөлүгүн алгандардын жол кырсыгына кабылышына талдоо жүргүзүлгөнүн, ага ылайык, 1 жылдык тажрыйбасы бар айдоочулардын жол кырсыгына кабылышы 47 пайызга күчөгөнүн тактады. ИИМдин маалыматына ылайык, 271 адамдын паспорту кайра алынган. Коррупциялык схемалар аныкталып, ортомчулар кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 40 миң адамдын баары идентификациялык номерин (ПИН-код) алмаштырбаганын түшүндүрүп берди.
Талкуунун жүрүшүндө паспорт берүү маселесин кайра Ички иштер министрлигине берүү тууралуу сунуш айтылды. Учурда суроо-жооп уланууда.