Депутаттар Мамлекеттик каттоо кызматына бир нече сын-пикирлерди айтышты

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңеште Мамлекеттик каттоо кызматынын 2014-жылы жана 2015-жылдын үч айында жарандарга паспортторду жана айдоочунун күбөлүктөрүн мыйзамсыз берген фактылары жөнүндөгү маселе каралууда. Жыйында эл өкүлдөрү Мамлекеттик каттоо кызматынын дарегине бир нече сын-пикирлерин айтышты. Депутат Майрамкүл Тиленчиева паспорт берүү системинде бакиевдик схема дале иштеп жатканына токтолду. "Бүгүн биз бул тармакты түп-тамырынан өзгөртүүгө албасак, мыйзамсыз паспорт берүү өнөкөтү токтобойт. Ошондой эле жумушчуларынан бери сынактан өткөрүү керек, антпесе бул тармак бакиевдик системден арылбайт",- деди Тиленчиева. Башка эл өкүлдөрү мыйзамсыз паспорт берүү фактылары катталса дагы бир да кызмат адамы эскертүү, сөгүштөн сырткары жоопко тартылбаганын сынга алышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан