Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
1-окуудагы мыйзам долбоорун демилгечи депутат Нуркамил Мадалиев алып чыкты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору менен мамлекеттик жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) ректорлорун дайындоо жана бошотуу тартиби өкмөт тарабынан аныктала тургандыгы жөнүндө ченем киргизилип жатат. Демилгечи депутат көптөгөн ЖОЖдордо ректор шайлоо бир катар терс көрүнүштөр менен коштолуп келгендигин белгиледи. Мындай негиздемелерге кошулган билим берүү, илим министри Эльвира Сариева мыйзам долбоорун колдоого алды. Ошол эле маалда министрлик шайлоо принцибинен баш тартпастыгын, өкмөттүн токтомуна ЖОЖ жетекчилигине талапкерлерге болгон шарттардын критерийлери киргизилерин кошумчалады.
Талкууда "ЖОЖ жетекчилерин дайындоо административдик ресурс катары пайдаланылбайбы?" деген кооптонуулар айтылды. Дайындоодо ЖОЖдордун эмгек жамаатынын укуктары чектелип калары да көтөрүлдү.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев илим изилдөө институттарындагы жетекчиликти аныктоодо медицина тармагына мүнөздүү болуп келген көйгөйлөр бар экендигин маалымдады. “Билим, илим жаатындагы жетекчилик орундарга умтулган талапкерлер илимдин кандидаттары, докторлору деген наамдарга ээ болгону менен, алар ошол иштеп жаткан мекемесин эл аралык рейтингге алып чыга алган эмес. Ал тууралуу программалары деле жок. Ал эми мезгил азыр ошону талап кылууда”,- дейт Батыралиев.
Депутат Бөдөш Мамырова ректор тандоодо тигил же бул ЖОЖдун илимий-окутуучулук жамаатынын пикири менен эсептешүү талап кылынарын айтты. Ошол эле учурда ректорлорду дайындоого мүнөздүү болгон мыйзам долбоорун өзүнчө, ал эми илим изилдөө институттарынын жетекчилерин кызматка коюуга байланышкан мыйзам долбоорун өз-өзүнчө алып чыгууну сунуштады.
Тармактык комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев ЖОЖдордо шайлоо системи жөнөкөй мугалимдерди тандоодон башталарын айтып, "Кафедра, факультет башчылары шайланып жатса, анда ректор эмне үчүн шайланбашы керек?" деген суроону койду.
Жыйынтыгында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору комитеттин колдоосун тапкан жок. Ушундай корутунду менен аталган мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылат.