Асылбек Жээнбеков студенттерге: “Талбай окуганыңар – мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымыңар”

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-июнда парламентте Ош облусундагы жогорку окуу жайлардан келген студенттер менен жолугушту. "Студенттер - коомдун активдүү өкүлдөрү",- деп билдирген спикер мындай жолугушуулар парламенттин ачык-айкын иш жүргүзүп жатканынын далили экенин белгиледи. "Датка-Кемин" көмөк чордону, Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу, калкты газ менен камсыз кылуу системин жакшыртуу сыяктуу иш-аракеттерге токтолду. 

Жаштардын суроолоруна жооп берип жатып Жээнбеков парламенттик демократия жолу аркылуу тынчтыкта өнүгүүгө жетише алган бир топ мамлекеттерди мисалга тартып, парламенттик башкаруу менен парламенттик демократия тууралуу түшүнүктөргө кеңири токтолду. Ошону менен катар айыл чарба жаатын өнүктүрүү, жумуш орундары менен камсыз кылуу, мамлекеттик тил маселелери боюнча студенттердин суроолоруна жооп берди. 

Студенттер кыргыз парламентинин иши менен таанышып, ачык-айкын талкууларга күбө болушканын, анын негизинде бийлик бутагына болгон ишеним дагы бир жолу бекемделгенин ортого салышты. Жаштар мамлекеттик тилди ар тараптуу колдоого алууда тиешелүү натыйжа чыгарына үмүт кылып жатканын айтышты. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан